КСДП фракциясы бүгүн министрлер менен биргеликте өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча маселени талкуулап жатат
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы бүгүн, 5-июндагы жыйынында министрлер менен биргеликте балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча маселени талкуулап жатат. Жыйынга башкы прокурор Индира Жолдубаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, ички иштер министри Мелис Турганбаев, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана башка тиешелүү министрлер катышат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фракциянын күн тартибинде кыргыз мамлекетинде массалык спортту өнүктүрүү боюнча чукул чаралар жөнүндө маселе да каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

