super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков: "Өлкөдө спортту өнүктүрүү маселеси бюджеттин тартыштыгына барып такалат"

 
Өлкөдө спортту өнүктүрүү маселеси бюджеттин тартыштыгына барып такалат. Мындай пикирин бүгүн, 5-июнда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди. Депутат спортту өнүктүрүү үчүн бюджеттик каражатты карап отурбай, башка булактарды кароо керектигин айтты. 
"Ошентсе да бюджеттин эле көзүн карабай, башка жолдорун карасак болот да. Мисалы, көп өлкөлөрдө спорттук лотереядан каражат таап, спортко жумшашат. Биздин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин да ушундай планы бар экенин билем. Ишке ашыра албай жатканынын себеби эмнеде? Спортту өнүктүрүүгө бюджеттен тышкары каражаттарды тартуу боюнча атайын фонд түзүү тууралуу сөз болду эле, ал иш качан башталат?"- деди фракция лидери.
"Массалык спорт дегенде бир гана балдар спортун түшүнбөш керек. Чоңдорго, улгайгандарга деле спорт керек да. Албетте, улгайгандардын талабы башка. Турникке тартыла албаса да, сууда сүзө алышат, теннис ойносо болот",- деп кошумчалады Турсунбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: