super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина: "120 депутат кайсы спорт менен машыгып жатканын элге көрсөтүү керек"

 
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында кыргыз мамлекетинде массалык спортту өнүктүрүү боюнча чукул чаралар жөнүндө маселе каралууда. Талкуу учурунда депутат Ирина Карамушкина өлкөдө дени сак жашоону өлкөнүн абройлуу жарандары үгүттөшү керектигин айтты.
"Мезгил-мезгили менен мамлекеттик мекемелер аралык мелдештер жүрүп турат. Парламенттин депутаттары да спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгышат. Ошондуктан спортту жайылтуу максатында депутаттардын жана чиновниктердин катышуусунда атайын видеотасмаларды даярдап, телевидениелерден көрсөтүп туруш керек. Биз социалдык жарнак жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Мындан Дене тарбия жана спорт агенттиги толугу менен пайдаланышы керек",- деп сунуштады Карамушкина.
Мындан тышкары депутат чет өлкөгө эл аралык мелдештерге катышууга жөнөгөн спортчуларга жардам жана колдоо көрсөтүү максатында атайын фонд түзүү керектигин айтты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: