Садыр Жапаровдун өкүл баласы: "Мени ур-токмокко алышып, бир кагазга кол койдурушкан"
"19-октябрда мени Караколдо кафеде отурган жеримден белгисиз бирөөлөр кармап кетишип, жолдо бара жатып ур-токмокко алышып, Бишкекке барганда бир кагазга кол койдурушту". Мындай билдирүүнү бүгүн, 21-февралда "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто Садыр Жапаровдун өкүл баласы Адилет Сартов билдирди. Ал буга чейинки берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. “Садыр Жапаров менин өкүл атам болот. 2012-жылдын 19-октябрында мени кармап кетишип, "Казакстанда киши өлтүргөнсүң" деп күнөөлөштү. Андан соң Бишкекке алып келип мага күч колдонуп мажбурлап, бир кагазга кол коюшумду талап кылышты. Мен кагазды окубастан эле кол койдум”,- деди Сартов. Ал ошондой эле 3-октябрдагы митингге катышпаганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

