Ноокен районунда "аңчылыкка кеткен боюнча дайынсыз" делген жаран 50 метрлик аскадан кулаган
Ноокен районунда "аңчылыкка кеткен боюнча дайынсыз" делген жаран 50 метрлик аскадан кулаган. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнь күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-май күнү Ноокен районундагы Кара-Булак айылынын Улан Маматов жана Кубат Эгембердиев аттуу тургундары Кара-Таш жайлоосуна аңчылыкка чыгышкан. Бирок Улан Маматов үйүнө кайтып келген эмес. Кечээ аны издөө үчүн куткаруучулар жана айыл тургундары чыгышып, жансыз денеси табылган. Маркум 50 метрлик аскадан кулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кабар ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалымат боюнча жазылган.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.