super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Анри колу менен ойноп Францияны Дүйнө чемпиондугуна алып чыкканда Ирландия тарап Эл аралык федерациядан 5 миллион доллар алган

 

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тегерегинде чуулар уланууда. Жакында "коррупцияга тиешеси бар" делинип бир катар спорт ишмерлери кармалышкан. Көп өтпөй федерациянын президенти Йозеф Блаттер жаңы мөөнөткө шайланганына 4 гана күн болгондо кызматын таштай турганын айткан. Анын мындай чукул кадамын чет элдик маалымат булактары "Блаттердин иштери иликтенип жатат" деп түшүндүрүшкөн. Бүгүн болсо Ирландиянын Футбол федерациясынын аткаруучу директору Жон Дилэйни Эл аралык футбол федерациясы 2009-жылы ирландиялыктарга алардын сотко кайрылбоосу үчүн 5 миллион доллардан ашык каражат бергенин айтып чыкты. 

Эсиңиздерде болсо, 2009-жылы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Франция жана Ирландия 1:1 эсебинде ойногон. Тьерри Анри колу менен топту тосуп, өнөктөшү Вилльям Галласка гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берген. Дал ушул гол франциялыктарды Дүйнө чемпиондугуна алып чыккан. Жон Дилэйнинин айтымында, ФИФА Ирландиянын Футбол федерациясы сотко кайрылбоосу үчүн 5 миллион доллар өлчөмүндө каражат берген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.06.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо 5 миллионду алганды да камаш керек как взятка катары алган,ошончо миллиондогон элин 5 миллион долларга саткан адамды камаш керек жазалаш керек!
05.06.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канткен менен Анри мыкты оюнчу азыркы Роналду сыяктуу моделдерге караганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: