"ЭЛДИК КАБАРдын" экинчи смартфонун Оштогу үй кожойкеси Сабира утуп алды



"ЭЛДИК КАБАРдан" экинчи смартфонду утуп алган Ош облусунун тургуну Сабира

Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Алтынбек Алымкулов кеңсебизге келип алып кетти.

Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.

Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.

Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.

Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.

Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү 29-майда ушинтип майрамдашкан.
5 эле мүнөттүк убакыт... Оштогу үй кожойкелеринин бири Сабира Казамбекова SUPER.KG порталына атайын убактысын бөлүүнүн артынан заманбап смартфон (LG G Pro Lite D686 Dual) утуп алды. Кантип десеңиз, сыры жөпжөнөкөй. Эсиңизде болсо, Билим берүү жана илим министрлиги май айында атайын буйрук чыгарып, быйыл бүтүрүү кечелеринде мектеп окуучуларынын шаан-шөкөт уюштуруусуна тыюу салган. Министр Эльвира Сариева: "Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда кырсыктардын саны көбөйүп кетти, ошондуктан шаан-шөкөт уюштурууга тыюу салдык. Былтыр бир күн ичинде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда 20дан ашуун жол кырсыгы орун алган",- деп билдирген.
Жеңүүчү деп табылган Сабира Казамбекова 29-май - Акыркы коңгуроо күнү дал ушул буйрукка баш ийбеген окуучулардын туура эмес жоругун - автоунаалар менен көчөдө жарыша куушканын жарыялаган. Ээн баштыкка барган окуучулар катуу ылдамдыкта бараткан унаалардын үстүнө чейин чыгып алышканын билдирип тынчсызданган. Бир сөз менен айтканда, мыйзам иштебей жатканын далилдеген кабар жиберди. Буйрук баарына бирдей, ал өлкөнүн бардык аймактарында тегиз аткарылууга тийиш болчу. Бирок талапка баш ийбей, өз билемдикке барышкан мектеп окуучуларынын жоругун, өкмөт чыгарган буйруктун аткарылбай калганын далил менен көрсөтүп кабар жиберген Сабира Казамбекованы SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши май айынын жеңүүчүсү деп тапты.
Окуучулардын мындай жоругу көз жаздымда калган жок. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин окуучулары 9 автоунаа менен шаар кыдырууга аракет кылышкан.
“Окуучулардын баары шаарга жакын жерден кармалып, унаалары айып аянтчасына токтотулду. Мектеп окуучуларына эскертүү берилип, коё берилген. Мектеп жамаатына да эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,- деди Ашырбаев.
Жеңүүчү биз менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө кубанычын жашырган жок.
- Саламатсызбы, Сабира! Утушуңуз кут болсун!
- Саламатчылык, рахмат! Мени абдан сүйүнттүңөр...
- Окуучулардын көчөдө унаалар менен жарышканын көргөндө оюңузга эмнелер келди?
- Биринчиден, өкмөт тыюу салганына карабай мектеп окуучуларынын машиналар менен катуу ылдамдыкта жүрүшкөнү болду. "Быйыл шаан-шөкөткө тыюу салынды" деп телевизордон бир айдан берип жарыялап жатышпады беле. Анан эмне үчүн булар талапка баш ийишпейт деп ойлодум. Экинчиден, маанилүү кабарды силерге жиберүүнү туура көрдүм, бирок жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Мурунку айда смартфон уткан сузактык жеңүүчү тууралуу да окуган болчумун.
- "Элдик кабарга" жөнөтүүнү өзүңүз ойлодуңузбу же бирөө сунуштадыбы?
- Өзүм эле ойлодум. SUPER.KG порталына дайыма кирем, силердеги бардык нерседен кабардармын. 29-майда дүкөндө соода кылып отурсам окуучулар автоунаалары менен көчөдөн куушуп өтүп калышты. Мурун "Элдик кабарга" сүрөтү жок бир-эки кабар жөнөтсөм, "далил үчүн сүрөт же видео керек" деп чыкпай калган эле. Бул жолу дароо сүрөткө тартып жиберген элем, минтип жеңүүчү болуп отурам.
- Смартфон утуп алганыңызды үйдөгүлөргө кантип сүйүнчүлөдүңүз?
- Балдарым жаш, улуусу 3-класста окуйт. Жолдошум жумушта болчу, ага телефон чалып сүйүнчүлөдүм. Кубанычымды бөлүштү.
- Утуп алган смартфонду өзүңүз колдоносузбу же жакындарыңыздын бирине белек кыласызбы?
- Алебетте, силерден алган эстелик буюм катары өзүм колдоном.
- Рахмат, утушуңуз узакка кызмат кылсын.
- Сиздерге да чоң рахмат.
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бузулганы калган көпүрөнүн өмүргө коркунуч жаратып жатканы, жол чырактардын иштебей калышынан кырсыктардын болгону, мыйзамсыздык, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги тууганы Алтынбек Алымкулов кеңсебизге келип алып кетти. Мурунку айда Сузак районунан Чынберди Жанышов (төмөнкү сүрөттө) аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болгон.

кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
6

Тигилер машинанын ичинде кете берсе болбойт бекен аа
Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Саламатсызбы! Аdmin_portalга купуя кат менен кайрылсаңыз болот.
Окуучулардын мындай жоругу көз жаздымда калган жок. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, Жапалак айылындагы Курманжан датка атындагы мектептин окуучулары 9 автоунаа менен шаар кыдырууга аракет кылышкан.
ИИМ иңер калп эле маалымат берип койгон турбайбы, тиги сүрөттөгү балдар таанышым болот эч кандай милициялар келген жо
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.