Бишкекте каржы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди




















Бүгүн, 5-июнда Бишкекте каржы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Майрамдык иш-чара Каржы министрлигинде өткөрүлүп, анда мекеменин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Ардак грамоталар, ведомстволук төш белгилер жана "КРнын каржы энциклопедиясы" тапшырылды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, министрликтин бюджети акыркы 14 жылда 10 эсеге көбөйгөн.
“Министрликтин бюджети 2001-жылы 230 миллион АКШ доллары гана болсо, учурда 2 миллиард АКШ долларынан ашты. Бүгүнкү күндө Каржы министрлиги социалдык блокко, укук коргоо органдарына жана бюджетти түзүүчү мекемелерге көңүлүн буруп келет. Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүүгө 2,2 миллиард сом жана мамлекеттик эмес уюмдарга 600 миллион сом каралган. Азыркы тапта менчиктештирилип кеткен балдар бакчалары мамлекеттин карамагына кайтарылып жатат. Бул жаатта тарбиячылардын маянасына деп дагы 400 миллион сом бөлүнүүдө.
Мунун баарына каражатты биздин ведомство ички жана тышкы булактардан алат. Мисалга алсак, биз тамекиге болгон салыкты көбөйткөнбүз, ошондой эле мамлекетибиз Бажы биримдигине киргени бюджетке каражаттар көбүрөөк түшө баштады”,- деди министр.

