super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратурага мыйзамсыз менчиктештирилген спорттук объектилерди кайтаруу боюнча чара көрүү тапшырылды

 
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өлкөдө массалык спортту өнүктүрүү боюнча чукул чаралар жөнүндө маселени карап, көпчүлүктүн добушу менен тиешелүү чечимдерди кабыл алды. 
Аталган чечимдерге төмөнкүлөр кирет:
1. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жакынкы мөөнөттүн ичинде паралимпиадалык спортту өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун киргизүү, мындан тышкары спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана өнүктүрүү программасын даярдоо ишин тапшыруу.
2. Башкы прокуратурага Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун бузуулар менен менчиктештирилген спорттук инфратүзүмдүн объекттерин кайтарып алуу жаатында иштерди күчөтүү сунушталсын.
3. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2016-жылдын республикалык бюджеттин долбоорунда массалык спортту өнүктүрүү үчүн калктуу конуштарда жеткиликтүү спорттук объекттерди куруу үчүн акча каражатын кароо сунушталсын. 
4. Каржы министрлиги аталган максаттарга керектелүүчү каражаттарды 2016-жылдын бюджетине киргизсин.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: