Токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү
Токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-апрель күнү Чүй облустук прокуратурасына Токмок шаардык прокуратурасынын кызматкери кайрылган. Анда ал билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Г.К. текшерүүлөр боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 1500 доллар сунуштап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Г.К. прокуратура кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.