super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар зомбулукка кабылган баланын аты-жөнү маалымат каражаттарына жарыяланышына нааразы

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү маселеси каралууда. Депутаттар талкуу учурунда "массалык маалымат каражаттары зомбулукка кабылган баланын аты-жөнүн жарыялабашы керек" деген пикирге макул болушту.

Депутат Нурбек Касымбеков айрым басылмалар сенсация кылууга көбүрөөк маани берип, балдардын жана алардын ата-энелеринин аты-жөнүн жазып салып жатышканын ортого салды. "Быйыл зомбулукка кабылган 2 жашар баланы жалпы элибиз атынан таанып калды. Жарым жыл ичинде анын тагдыры ар кандай деңгээлде талкууланды, бирок баланын кызыкчылыгы жана укугу корголбой жатат. Коңшу балдар аны таанып калса, аны шылдыңдашы мүмкүн. Ошондуктан аты-жөнүн сыр бойдон калтыруу керек, жашыра турган нерселерди айтпаш керек. Зарыл болсо баланын атынын биринчи тамгасы эле жазылсын. Ушуга көзөмөл кылышыбыз керек",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: