super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: "Мектептерде окуу сааттары кыскартылбайт"

 
"Мектептерде окуу сааттары кыскартылбайт". Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өкмөттүн жыйынында билдиргенин мекеменин маалымат кызматы 5-июнда кабарлады. Министрдин айтымында, окуу сааттары мурдагы абалында калат. 
"Бул маселеге өтө этияттык менен кароо керек. Жакында Кыргыз билим берүү академиясы окуу сааттарын кыскартуу максатында базистик окуу планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Мына ошондуктан биз ушул өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду артка кайтардык жана кайра иштеп чыгууга жибердик. Мугалимдер тынч иштеши керек",- деди Сариева.
Айта кетсек, айрым аймактардагы мугалимдер мектептерде география, физика, химия, биология сабактары боюнча сааттарды кыскартууга багытталып Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан сааттар торчосунун долбооруна нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: