super.kg logo
  Саясат  

Малайзияда кыргыз мамлекетинин жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноочу пункт ачылды

 
Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда кыргыз мамлекетинин жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноочу пункт ачылды. Бул тууралуу 5-июнда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, пункт кыргыз өлкөсүнүн Малайзия мамлекетиндеги элчилигинин консулдук бөлүмүндө ачылды. Анда аталган өлкөдө жашаган кыргыз жарандары өздөрүнүн биометрикалык маалыматын тапшырып кетүүгө толук шарт түзүлдү. Кыргыз мамлекетинин жарандарына өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруу үчүн (ID-карта, жалпы жарандык паспорт же 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту) паспорту керек. 
Эскерте кетсек, жарандардын маалыматтарын кабыл алуу элчиликтин кеңсесинде саат 10:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлмөкчү.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: