super.kg logo

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окуткан мугалимдердин адистик чеберчилигин жогорулатуу керек" дейт депутат Садырбаева

 

Бүгүн, 5-июнда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системинин азыркы абалы талкууланды. Андан сырткары жыйында методикалык база жана билим берүү процессинде жаңы ыкмаларды жана алдынкы технологияларды колдонуудагы абал тууралуу да маселе козголду. 

“Бардык мугалимдер адистик чеберчиликти көтөрүшү керек. Бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер кайсы жерден квалификациясын жогорулатышат? Мугалимдер өзгөчө кесиптик даярдоодон өтүшү зарыл”,- деди депутат Гүласал Садырбаева

Жыйында депутаттардын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева жооп берди. Башкы маселе катары билим берүү мекемелериндеги жетишпестиктер, көптөгөн мектеп-интернаттарда логопед, дефектологдор жок экени да айтылды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: