Жалал-Абад шаарындагы борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө 9 миллион 600 миң сом бөлүндү



Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен борбордук Ленин көчөсүн, Чехов көчөсүнөн Красина көчөсүнө чейин кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад шаарындагы бардык автоунаалардын айдоочулары жолдун четине машиналарын токтотпошу керек. Себеби Ленин көчөсү 2 метрден эки тарабы кеңейтилет. Муну бүгүн, 5-июнда мэриядан кабарлашты.
"Ленин көчөсүнүн жээгиндеги курулуштар менчигинин түрүнө, кандай объект болгонуна карабастан, кызыл сызыкка чыгып калган болсо, мыйзам чегинде ал жерлер бузулат. Кызыл сызыкка чыккан объекттерге эч кандай компенсация төлөнбөйт, алар өздөрү мыйзамды бузган болуп эсептелинет. Ал эми эл боюнча азырынча эч кандай көйгөй жок, Ленин көчөсүн эки тарабын Красина көчөсүнөн Чехов көчөсүнө чейин кеңейтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 9 миллион 600 миң сом акча каражаты каралган",- деп белгиледи Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов.
Азыр жумуш кызуу жүрүп жатат жана 4 айдын ичинде толугу менен иш бүткөрүлөт. Жолдун жалпы узундугу 390 метр. Бүгүн 6 техника жана жардамчылары менен 7 адам иштеп жатат.


1 |