super.kg logo

Ош шаарындагы мектепте мугалимдер жана окуучулар үчүн фитнес залы ишке кирди

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Салижан Шарипов атындагы мектепте мугалимдер жана окуучулар үчүн фитнес-клуб иштөөдө. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, клубдун ачылышына себеп болгон мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нургүл Арынова зал боюнча төмөнкүлөргө токтолду: “Биз, мугалимдер, спорт менен машыгуу (айрыкча жашы өтүп калган мугалимдер) менен ар кандай оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо образын түзүү максатында атайын долбоор жазганбыз. Жыйынтыгында атайын машыгуучу жабдыктарды утуп алдык. Буларды жайгаштыруу үчүн ден соолукту чыңдоочу бөлмө ачтык. Окуудан сырткаркы убактарда жана каникул мезгилинде мугалимдер, окуучулар жана мектепке жакын жайгашкан шаар тургундары келип акысыз машыгып кетип жатышат”.

Фитнес-клубдун калган жасалгалоо иштерин жана дагы кошумча керектүү жабдыктарды демөөрчүлөрдүн жардамы менен толукташкан. Жаңы окуу жылында бий жана спорттун башка түрлөрү менен машыгуу ийримдерин түзүү пландары бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: