super.kg logo
  Саясат  

Июнь айына республикалык бюджеттен операциялык чыгашаларга 6 миллиард 358,4 миллион сом жумшоо пландалууда

 

2015-жылдын июнь айына республикалык бюджеттин жалпы ресурстарынын финансылык планы 6 миллиард 260,5 миллион сом суммасында, жалпы чыгашалардыкы 9 миллиард 58,5 миллион сом болору пландалууда. Бул тууралуу 5-июнда Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Финансылык эмес активдер боюнча чыгашалар 873 миллион 709,2 миң сомду түзмөкчү, анын ичинде “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 509 миллион 275,8 миң сом, “машиналар жана жабдуу” беренеси боюнча 364 миллион 433,4 миң сом жумшоо пландалууда.

Милдеттенмелер боюнча чыгашалар 1 миллиард 96,9 миллион сомду түзөт, анын ичинде ички карызды тейлөөгө (негизги сумманы төлөөгө) 722,4 миллион сом, тышкы карызды тейлөөгө (негизги карызды төлөөгө) 374,5 миллион сом сарпталмакчы.

Ошондой эле операциялык чыгашаларга (министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик мекемелер аркылуу каржылануучу чыгашаларга) 6 миллиард 358,4 миллион сом жумшоо пландалууда. Анын ичинде көбүрөөк чыгымдар 2 миллиард 599,4 миллион сом суммасындагы эмгек акыга жана 1 миллиард 401 миллион сом суммасындагы социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга туура келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: