Троллейбус башкармалыгынын директору Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу кызматына Геннадий Милицкий дайындалды. Аны аталган кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка мэр Кубанычбек Кулматов кол койгонун бүгүн, 5-июнда мэриядан кабарлашты.
Милицкий транспорт маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин сынакка чейин аткармакчы.
Айта кетсек, буга чейин Г.Милицкий Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору кызматында иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

