super.kg logo

Орусиядагы ири жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди

 

Москва шаарында жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн, 5-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө учак менен кыргыз жерине алынып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, 1-июнда Москва убактысы боюнча саат 04:00 чамасында М-3 Украина трассасында Тойота Альфард үлгүсүндөгү №25-14SAL мамлекеттик номерлүү минивэн унаасы менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам каза болгон (1 адам КРнын жараны), 3 адам жабыркаган (1 адам КРнын жараны). 

Каза болгондор:

1959-жылы туулган Чынара Таирова, Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айыл аймагынын Маңгыт айылынын жашоочусу. Анын сөөгү буга чейин Реутов шаарынын өлүк сактоочу жайында сакталып турган.

Жабыркагандар:

1992-жылы туулган Темир Мусалиев, Чүй облусундагы Токмок шаарынын тургуну, Москва шаардык
№1-ооруканасында дарыланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: