super.kg logo
  Спорт  

Бишкектеги грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Калыбек Жолчубеков баштаган 3 кыргыз балбаны алтын тагынды

 

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө. Анда кыргыз балбандарынан тышкары Түштүк Корея, Иран, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү күч сынашып жатат. Учурда мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештин алгачкы күнүндө 4 салмак категориясы боюнча кармаштар жүрүп, анын үчөөсүндө кыргыз балбандары алтын медалдарды багынтышты. 59 килограмм салмакта Калыбек Жолчубеков биринчиликти ээлесе, 71 килограммда Кайрат Түгөлбаев алтын тагынды. 80 килограмм салмакта болсо дагы бир кыргыз балбаны Самат Шырдаков 1-орунду багындырды. Ал эми 98 килограмм салмакта чемпиондук үчүн финалда Жахонгир Турдиев (Өзбекстан) менен Хосейни Амирхоссейн (Иран) кез келди. Жыйынтыгында өзбек балбаны жеңүүчү аталды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.06.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар, эртең да көп медаль кутобуз! Гүл өлкөм ар-дайым АЛГА!!!
06.06.2015. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: