super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу фестиваль өттү

 
21-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында "Кыргызстан - менин мекеним!" аттуу ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышкан фестиваль болуп өттү. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө караштуу облустук мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган бул фестивалга облус жетекчисинин биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева жана облустагы ар кайсы улуттун диаспоралары катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков кабарлады.  

Иш-чарада ар кайсы улуттун ыр-бийлери тартууланып, облустук филармониянын белгилүү ырчылары, ЖАМУнун таланттуу бийчилери коштогон майрамдык концерт тартууланды. Соңунда облустук аталган тил комиссиясы тарабынан диаспора өкүлдөрүнө дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: