Ошто ушу-саньда боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат









Ош шаарында 5-июнь күнү ушу-саньда боюнча өлкөнүн алгачкы биринчилигинин расмий ачылыш аземи болду. Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, КРнын Ушу-саньшоу федерациясынын президенти Тагай Өмүржанов, тиешелүү жетекчилер жана спортчулар катышышты. Шаар мэри акыркы мезгилдерде спорт тармагы өнүгүп, жаштар арасында спортко тартылуу өсүп жатканын белгиледи.
Өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 22 спорт клубу катышып жаткан мелдеш 7-июнда жыйынтыкталат. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат жана Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.