super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр үч эм төрөгөн энеге өкмөт жардам көрсөтөрүн убада кылды

 

Премьер-министр Темир Сариев 5-июнда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөгөн Бактыгүл Камчыбек кызына тиешелүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды. Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана КРнын Өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө үч эм төрөгөн эненин абалынан кабар алып, тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Өлкөбүздүн негизги байлыгы - адамдар. Биз алардын саламаттыгына кам көрүшүбүз керек. Үч эм төрөгөн эне бардык камкордукка алынышы зарыл”,- деди Темир Сариев. Ошондой эле премьер-министр бул үй-бүлөгө өкмөт жардам көрсөтөрүн убада кылды.

Кошумчалай кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы бир уул жана эки кызды 5-июнда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарыкка алып келген. Ушул эле күнү саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жаш эненин жардамга муктаж экенин айтып чыккан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: