"Америкага виза ачып беребиз" деп 50дөн ашык адамды алдап, 300 миң доллар каражат топтоп алган" деген шек менен 4 айым кармалды





Бишкекте буга чейин "виза ачып берем" деп 50дөн ашык шаар тургунун алдап, 300 миң доллардан ашык каражат топтогон" деген шек менен Венера Мусабекова кармалган. Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, 2-июнда анын 3 өнөктөшү да колго түшкөн. Алар: Гүлнура Чыныбаева, Наргиза Чыныбаева, Эмилия Максутова. Кылмышка шектүүлөр №1-СИЗОго киргизилишти.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул адамдардан жабыр тарткандар болсо, (0312) 48-63-08, (0550) 10-24-42 номурлары аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.