“Жалал-Абад Тазалык” ишканасына 228 таштанды челеги тапшырылды
Жалал-Абад шаардык “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесине бүгүн, 6-июнда таштандыларды таштоочу 228 челек алынып келинди. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.
Анын айтымында, шаардагы техникалардын, таштанды салуучу челектердин эскилиги жетип, бир топ чарбалык иштерди жүргүзүүгө тоскоолдуктар жаралып келет. “Өкмөттүн алдындагы Жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттигине эки таштанды ташуучу унаа жана 200 даана урнага долбоор жазганбыз. Бүгүнкү күндө 228 урна берди. Ал эми эки унаа жакынкы күндөрдө алынып келет. Таштанды челектерине сарпталган жалпы сумма 1 миллион 300 миң сомду, 2 атайын техника болсо 4 миллион 400 миң сомго бааланып, жалпы долбоордун баасы 5 миллион 860 миң сомду түздү. Шаар ичинде көп жерлерде таштанды салуучу челектер жетишпей келген, бул урналардын келиши шаарыбыздын таза болуусу үчүн жакшы шарт болду”,- деп билдирди ал.
Бул урналарга бир топ жыл кызмат кылат деп ишенген муниципалдык мекеме бир урнага 80 килограммдан ашык таштанды батарын кошумчалайт.

