super.kg logo

Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга жетишти

 

6-июнда Малайзияга кыргыз жеринен сапар алышкан кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана тажрыйба жыйнап келүү үчүн кеткен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бүгүн эртең менен аталган өлкөгө жетип барышты. Делегация КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен жылуу маанайда жолугушту.

Айта кетсек, кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Ошондой эле журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат. 
Сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиатобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле ырчылар жана “тамашоучулар” ал жактагы мекендештерге атайын концерт коюп, маданий иш-чараларды өткөрүшөт.

Ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
07.06.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылычбек Султанов агайга чоооң чооң ийгилик, дайыма элдин керегине жарап жүрө берсин!!!
Жакшы эс алып келгиле!!!
07.06.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Асел Кадырбекованы суйом го чиркин. Аябай сулуу кыз
07.06.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
uragan007,
Ушу ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-08 12:28:09
08.06.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZJERI - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
07.06.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эс алуунар конулдуу өтсун.
07.06.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Aseldi mendaaa suioom
07.06.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы эс алып келгиле.Малайзиянын жакшы жактарын алып келгиле.
07.06.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылычбек Султанов элчилик гана милдетин аткарбастан, коронголуу кыргыз элибиздин коонорбос маданиятын Малайзиялыктарга айкындоосуна жакшы деген баа бердим!
07.06.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кети,жоноду дегенди угабыз резултат жок,эч ким кайтканын айтпайт
08.06.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek.kg1989, кайтканын дейсинби?
Мен видеосун коргом кайткан: http://www.super.kg/media/stv/137305/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: