super.kg logo
  Саясат  

Коррупцияга каршы ишмердикке мониторинг жүргүзүүчү жаңы бөлүм түзүлдү

 
Өкмөттө коррупцияга каршы ишмердикке мониторинг жүргүзүүчү жаңы бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы 8-июнда билдирди. 
Сариевдин айтымында, өкмөттүн чечим кабыл алуу мөөнөтүн тездетүү менен реформаларды жаңы деңгээлге чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле ал өлкө экономикасындагы ишкердиктин орду чоң экенин билдирип, өкмөт бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн бардык чараларды көрүшү керектигин айтты.
“Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу ири экономикалык пайда алып келет. Муну биз толугу менен колдонуп калышыбыз керек. Кыргыз мамлекетинде банк-каржылык чөйрөдөгү мыйзамдар либералдуу. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алганда, биз аймактагы “каржылык терезеге” айланууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар”,- деди премьер-министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: