super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер: "Бизге карата мамлекеттик саясат туура эмес жүргүзүлүп келет"

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары мамлекеттик органдар, коомчулук жана кээ бир мыйзам бузган адамдар тарабынан бузулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда майыптардын укуктарын коргоого арналган тегерек столдо “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук жардам берүү” коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков билдирди. Анын айтымында, учурда майып адамдарга оорукчан адамдардай мамиле жасалат.

Мамлекеттик органдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык мамиле жасашат, алар “буларды дарылаш керек” деп ойлошот экен. А чындыгында, бизге медициналык мамиле эмес, социалдык мамиле талап кылынат. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө майып адамдарга атайын шарт түзүлүп, алардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам экенин билдирбей мамиле жасашат. Биздин укукту коргоо 70-80 пайыз медициналык камсыздоо менен толтурулган, бул туура эмес”,- дейт Исаков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: