super.kg logo
  Саясат  

Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөөчү депутаттык жумушчу топтун төрагасы бүгүн шайланат

 
Жогорку Кеңеште депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн жумушчу топтун төрагасы бүгүн 8-июнда шайланат. Тиешелүү чечим парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда кабыл алынды.
Айта кетсек, аталган комитеттин 25-майдагы отурумунда жумушчу топ түзүү сунушу менен депутат Эсенгул Исаковго Самаковдун адвокаты Икрамидин Айткулов кайрылганын айткан. Сунушка ылайык, депутаттар Самаковдун кылмыш ишинин саясий жагын эмес, жер боюнча маселени иликтемекчи. Ошол отурумда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганы менен, аны жетектөөдөн депутаттар баш тартышкан.
Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталууда. Учурда ал үй камагында. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: