Депутат: “Республикалык бюджеттин 80 пайызы социалдык маселелерди чечүүгө багытталат, бирок бул да жетишсиз”





Республикалык бюджеттин 80 пайызы социалдык багыттагы маселелерди чечүүгө багытталат. Тагыраак айтканда, жылдык бюджеттин 50-53 миллиард сому ушул тармакка кетет. Муну бүгүн, 8-июнда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоого арналган республикалык тегерек столдо Жогорку Кеңешетин депутаты Эркин Сакебаев билдирди. Депутат бул каражат да аз экенин айтты.
“Бул сумманы, албетте, көп деп айта албайбыз. Тилекке каршы, учурда социалдык чөйрө мындан көп каражатты талап кылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн аларга жумуш орундарын түзүү кажет”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

