super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз Республикасы - Кытай" газ түтүктөрүн пайдалануудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Ош, Алай, Чоң-Алайды өнүктүрүүгө багытталат

 

"Кыргыз Республикасы - Кытай" газ түтүктөрүн пайдалануудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Ош, Алай жана Чоң-Алайды өнүктүрүүгө багытталат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи депутат Марат Султановдун айтымында, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасы - Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору менен мыйзамды толуктоо сунуш кылынат. Ага ылайык, макулдашууда каралган атайын салык жыл сайын төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлө тургандыгын белгилөө сунуш кылынат:

- 80 пайызы – республикалык бюджетке;

- 10 пайызы – Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү фондуна;

- 10 пайызы – Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүнүн атайын түзүлүүчү фонддоруна. 

"Ошондой эле Ош облусун, Ош шаарын, Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүү фонддоруна атайын салыкты төлөөдөн келип түшүүчү каражаттар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн гана пайдаланыларын аныктоо сунуш кылынат",- деди Султанов.

"Мыйзам долбоору кабыл алынганда, болжол менен 35 жылда Ош облусун, Ош шаарын өнүктүрүү фонддоруна ай сайын 647,1 миң доллар жана Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүү фонддоруна ай сайын болжол менен 647,1 миң доллар келип түшүүгө тийиш",- деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: