Июнь окуясында курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди
5 жыл мурун Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда эскерилди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Заирбек Жоошбеков, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана курман болгондордун жакындары катышканын 8-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, катышуучулар алгач Июнь окуясында набыт болгон милиция кызматкерлеринин айкелине гүлчамбар коюшту. Андан кийин курман болгондордун эрдиктерин эскеришип, алардын жакындарына жылуу сөздөрдү айтышты.
Айта кетсек, аталган окуяда жалпы 10 милиция кызматкери каза тапкан. Алардын арасында Кара-Суу РИИБинин башчысы Адилбек Султанов, анын айдоочусу Уран Шамурзаев, милициянын майору Ибрагим Кулбаев бар.

