Өлкөдө көзү начар көргөн жана азиз адамдарга транспорт жана жол шарттары түзүлгөн эмес



Өлкөдө көрүүсү начар адамдарга транспорт жана жол шарттары түзүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда “Феномен” коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги Кытайдын жана Беларустун автобустары ар бир аялдаманы атап айтуу үчүн микрофондор менен жабдылган, бирок айдоочулар аларды колдонушпайт.
“Стандарттарга ылайык, коомдук унаанын айдоочусу ар бир аялдамага келген сайын аны атап турушу абзел. Мындай практика Казакстан жана Орусияда колдонулуп келет. Бул нерсе көрүүсү начар жана азиз адамдар үчүн өтө маанилүү. Ал эми маршруттук таксилер каалаган жеринде токтошот, аялдаманы такыр эле айтышпайт.
Бир таанышым аялдамага келип, жанында турган адамдан кайсы автобус келе жатканын сураса, “темир автобус” деп жооп бериптир. Мындан тышкары Бишкектин өзүндө үн чыгарган болгону 6 жол чырак бар. Алар мен билгенден мэриянын каражатынан коюлган эмес. Буга окшогон кырдаал биздин өлкөдө акыркы 20 жылдан бери уланып келет”,- дейт Султаналиев.



1 |