super.kg logo

Ош. Муфтий ажылыкка чүчү кулак таштоодо тартипти бекем сактоону буйруду

 

Кечээ, 7-июнда Ош шаарында муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облустук казыятынын жалпы жамааты менен жолугушту. Жолугушууга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана Кара-Суу, Ноокат, Араван, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунун имам-хатибдери катышышты. Жолугушууда муфтий 2015-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштери боюнча маалымат алып, облус аймагында ажылыкка катталган жарандарды тандап алуу боюнча чүчү кулакка даярдыктар менен таанышты.

Мындан сырткары Максатбек ажы Токтомушев ынтымак, тынчтык жана биримдик боюнча баян жасап, облус казысын жана райондук башкы имам-хатибдерди чүчү кулакты өткөрүүдө бардык эрежелердин тартибин бекем сактоону камсыздап жана эл арасына ачык-айкындуулук менен түшүндүрүү иштерин жеткирүүнү тапшырды. Аталган иш-чараларды уюштурууда бардык райондук башкы имам-хатибдердин жоопкерчилиги жогору болорун эскертти.

Эскерте кетсек, 2015-жылдагы ажылык сапарга баруучулар ортосунда өткөрүлө турган чүчү кулактын графигине ылайык, Өзгөн районунун борбордук мечитинде 9-июнда саат 15:00дө, Кара-Суу райондук борбордук мечитинде 10-июнда саат 10:00дө, Чоң-Алай районунун борбордук мечитинде 11-июнда саат 10:00дө, Ноокат районунун борбордук мечитинде 14-июнда саат 10:00дө, Араван районунун борбордук мечитинде 15-июнда саат 10:00дө өткөрүлөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: