super.kg logo

Бишкектеги 4 райондо "Ата Мекен" социалисттик партиясынын конференциялары болуп өттү

 

6-7-июнь күндөрү Бишкектеги Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын конференциялары болуп өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Конференцияда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын түзүлгөн күнүнөн баштап азыркы күнгө чейинки тарыхый жолу тууралуу тасма тартууланып, Бишкек шаардык конференциясына делегаттар көрсөтүлүп, "Ата Мекендин" партиялык уюмдарынын райондук кеңештеринин жаңы мүчөлөрүн шайлоо маселеси каралды. Партиялык форумдун ишинин жыйынтыгында Бишкек шаардык жалпы конференциясына төрт райондон 100дөн 400 делегат шайланды. Райондук партиялык уюмдардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын баяндамалары угулуп, партиянын максат-милдеттери талкууга алынды.

Демократияны бекемдөөгө, коомдук аң-сезимди калыптандырууга, мыйзамдуулукту жана элдин эркиндигин коргоо боюнча туруктуу ишмердүүлүккө кошкон салымы үчүн "Ата Мекен" социалисттик партиясынын жигердүү мүчөлөрү Ардак грамота менен сыйланышты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Р.Төлөгөнов, Н.Никитенко, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары С.Салиев, А.Сариев, Р.Аматов, У.Максымбеков, Т.Сариев, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын шаардык кеңешинин төрагасы К.Токтосартов, ошондой эле партиянын 900дөн ашуун активдүү мүчөсү катышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: