"Бишкек жылуулук тармагы": "Борбордо суу түтүгү жарылып кетүүсү мүмкүн деген маалымат алдын ала берилген"

"Борбордо суу түтүгү жарылып кетүүсү мүмкүн" деген маалымат алдын ала берилген. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда SUPER.KG порталына "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, борбордо тургундарга ысык суу чыгаруу астында мекеме жыл сайын түтүктөргө атайын басым келтирип, текшерип чыгат.
“Мындай учурда эскирип калган түтүк болсо, суу атырылып тышка чыгышы мүмкүн. Биз буга чейин коомчулукка "8-10-июнь күндөрү текшерүү иштери жүргүзүлөт" деп кабарлаганбыз. Азыр Бишкектин Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүндө түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн атайын топ чыгып иштеп жатат. Азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз”,- дейт басма сөз өкүлү.
Айта кетсек, бүгүн жогоруда аты аталган көчөлөрдүн кесилишинде суу өткөрүүчү түтүк жарылып, суу оргуштап чыккан. Ал суу бир нече убакытка чейин тегерек-четинде турган турак жай, дүкөн жана башка объектилердин үстүнө чачырап турду.
Бишкекте суу түтүк жарылды







1 |