super.kg logo

“Түндүк электр” ишканасынын бир канча бригадасы электр зымдарын улаштырып, калыбына келтирип жатат

 

Ылдамдыгы 25-30 метрге чейин жеткен катуу шамалдын жана жаан-чачындын кесепетинен 8-июнда саат 18:35тен кийинки күнкү саат 02:53гө чейин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул табигый кубулуш бак-дарактарды кулатып, электр берүүчү чубалгыларды үзүп, үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен. Кээ бир аймактарда катуу шамалдын кесепетинен электр берүүчү чубалгылар чачышып, анын үзүлүүсүнө, изолятор, чубалгы ажыраткыч жана башка жабдуулардын бузулуусуна, Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндөгү кубаттуулугу 630 кВт болгон №1144-трансформаторунун күйүп кетүүсүнө алып келди.

Учурда “Түндүк электр” ишканасынын 130 оперативдүү электр куроочулар бригадасы авариядан кийин калыбына келтирүү иштери менен алек. Муну менен бирге борбор калаабызда 33 электр куроочулар бригадасы иштөөөдө. Бардык бригадалар ишкананын авариялык камынан тиешелүү материалдар менен камсыздалып, табигый кубулуштун кесепетин жокко чыгаруу үчүн атайын техникалар да ишке киргизилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: