super.kg logo

Өзгөн эли өзгөрүүнү каалайт

 

Өзгөн шаарынын борбордук стадиону өзгөчө шаңга толду. Жергиликтүү тургундар стадионго мынчалык көлөмдөгү элдин качан чогулганын эстей алышпайт, анткени куру сөз менен ооз аарчыган саясатчылардын  жолугушууларына убакыт кетирип барышпайт экен. 

Жолугушуу кечки 5ке белгиленгени менен, стадионго келген элдин агымы эртелеп башталып, күндүн аптабына карабай “Өнүгүүнүн” талапташтары жан дилдери менен колдорундагы гезиттерди үңүлө окуп, маалымат алып жатышты. Жолугушууну партиянын Өзгөн шаарындагы жооптуу өкүлдөрү уюштурушту. 

Өзгөн эли партия төрөгасы Бакыт Төрөбаевди өзгөчө кол чабуулар менен тосуп алды, анткени бул аймактын айдоо, жыйноо иштери дал ушул эл өкүлү түптөп берген МТСтердеги тракторлордун жардамы менен жемиштүү жүрүп келет. Ошондой эле кооперативдер түзүлүү менен иш ыргагы жөнгө салынган. Өзгөндө “Өнүгүүнүн” тракторлору жер эле эмес, каналдарды казып, дыйкандарга суунун башын буруп берүүдө.

Эл менен жолугушууга партиянын Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй жана башка аймактарынан да өкүлдөр келишти. Бакыт Төрөбаев бул жолугушууда эл суранган көп маселелердин бир тобун жеринде чечип, айрымдарын карап чыгууну убада кылды. Элди кызыктырганы “Өнүгүүнүн” Орусиянын “Росагромаш” ишканасы менен болгон келишиминин келечеги болду. Бул суроого эл өкүлү жооп берип жатып башкы максат элге арзан кызмат көрсөтүү менен пайда алып келүү экенин кошумчалады. Партия өкүлдөрүнүн ишенимдүү сөздөрүн уккан аксакалдар ак батасын беришти. 


кошулду





"Өнүгүү Прогресс" партиясы Өзгөндө эл менен жолукту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.06.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баягы эле партия, атасынын байлыгын чачып жаткансып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: