super.kg logo
  Саясат  

ОшТУнун ЖОЖдор аралык Аскердик кафедрасында курсанттардын атайын мелдеши өттү

 

21-февралда Ош технологиялык университетинин ЖОЖдор аралык Аскер кафедрасында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө курсанттардын аскердик мелдеши өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты – студенттерди дени сак жашоого үндөө, аларга майрамдык маанай тартуулоо менен патриоттук сезимдерин жогорулатуу, мыкты жеңүүчү командалар менен спортчуларды аныктоо экендигин билдиришти уюштуруучулар.

Мелдеште кыска аралыкка чуркоо, аскердик куралдарды чачып, кайра жыйноо, согуш учурунда оорулууларды ташуу ыкмасы, уулануудан сактоочу кийимдерди кийүү, 24 килограммдык таш көтөрүү, аркан тартыш тапшырмалары болду.

  Жыйынтыгында 1-орунду Жалпы аскердик даярдоо кафедрасы, 2-орунду Атайын даярдоо кафедрасы, ал эми 3-орунду Артиллерия жана асман чабуулунан коргонуу кафедрасынын командалары ээлешти. Активдүү катышкан курсанттарга сынак учурунда жеңилдиктер көрсөтүлөрү айтылганын ОшТУнун басма сөз катчысы Атакул Жалилов билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: