Бишкек. Киев көчөсүндө троллейбус зымы үзүлүп, шаар борборунда тыгынды пайда кылды
















Бишкек шаары кечээ, 8-июнда болуп өткөн катуу шамалдын кесепеттеринен дагы да болсо арыла элек. Бүгүн, 9-июнда Киев көчөсүндө бак кулап, троллейбус зымдарын үзүп кетти. Кулаган бак бир унааны басып калган. Мындан улам унаанын маңдайкы бөлүгү жабыркаган.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Учурда Киев көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилди. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер зымдарды улаштыруу, бактын сыныктарын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 2 саат мурун болгон.
Кошумчалай кетсек, Киев көчөсү аркылуу №9 жана №7-троллейбустар каттайт. Учурда 10го чукул троллейбус тизилип турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.