super.kg logo

Кыргыз жергесинде аскер кызматкерлери парапланетардык даярдыктан өтүшүүдө

 

Бүгүн, 9-июндан тарта кыргыз жергесинде аскер кызматкерлери парапланетардык даярдыктан өтүп башташты. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, машыгуу Күжүрмөн даярдык борборунун базасында Башкы штабдын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРнын Улуттук гвардиясынын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлөт. Жыйындын жүрүшүндө жоокерлерге парапланды жана штаттык куралды учууга даярдоо, конгондон кийин жыйноо, бийиктикти алуу тартиби, белгиленген маршрут боюнча учуу, төмөндөө жана конуу, өзгөчө учурда учкучтун аракети, парапланды чалгындоо ишине пайдалануу, абада атуу, конуучу жерди даярдоо жана конгондон кийин согушуу жана башка маселелерди иштеп чыгышат.

Окуунун аякташы менен катышуучулар парапландык даярдык боюнча окуу курсун бүткөндүгү тууралуу атайын сертификаттарга ээ болушат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: