Ошто волейбол боюнча Өлкө чемпиондугунун биринчи мелдеши өтөт
Ош шаарында 25-февралда волейбол боюнча эркектер арасында Өлкө чемпиондугунун биринчи мелдеши өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, оюн талаасында «Сольвейг Спорт» (Бишкек), «Жаш Күч» (Ош), «Теңир Тоо» (Нарын), «Алай-Датка» (Бишкек), «Чаткал» (Жалал-Абад), «Жаштык» (Жалал-Абад), «Карасуу Ош Бажысы» (Ош), «Дархан» (Ош) командалары беттешмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Рахмат, ката түзөтүлдү.