Өкмөт: Биометрикалык маалыматтарды чогултууда кызмат көрсөткөн операторлорго акы төлөндү
Биометрикалык маалыматтарды чогултууда кызмат көрсөткөн операторлорго акы толук төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Жыйында депутат Наталья Никитенко: "Айрым аймактарда иштеген операторлор эмгектери үчүн акча төлөнө элек деп кайрылышты. Акы төлөө кантип жүрүп жатат?"- деп сурады. Буга Т.Сарпашев: "Башынан бери акчанын жоктугу деген маселе болгон эмес. Акча төлөп берүүнүн механизми жок болчу, бирок бул маселе чечилди. Бардык кызматкерлерге акча каражаты төлөндү",- деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















