super.kg logo

Мэрия: Бишкектеги шамалдын кесепеттери 30 пайызга жоюлду, калган жумуштар бүгүн толук бүткөрүлөт

 

Бишкек мэриясынын алдындагы "Зеленстрой" ишканасынын маалыматына ылайык, 8-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен 80ден ашуун бак кулаган. 10 бак үйдүн үстүлөрүнө түшкөн жана 12 автоунаага зыян алып келген. Учурда шаар тургундарынын телефон чалуулары уланууда. Бактын сынып түшкөн бөлүктөрүн тазалоо иштерине борттуу унаалардан туура 9, 1 манипулятор, 4 атайын бийиктикке жетүүнү шарттаган унаа жана "Зеленстрой" ишканасынын 80ден ашуун кызматкери тартылган.

"Бишкексвет" ишканасынын маалыматы боюнча, 74 авариялык кырдаал катталып, 34 жерде зым үзүлсө, 40 ирет зымдардын туташып калуусу катталган. Аларды калыпка келтирүү үчүн "Бишкексвет" ишканасынан 1 атайын бийиктикке жетүүнү шарттаган унаа, жеңил унаа менен 3 жумушчу топ, 2 нөөмөттөгү жумушчу топ тартылган. Дагы да калыпка келтирүү иштери уланып жатат жана бул жаатта жумуш 30 пайызга аткарылды.  

Шаар боюнча калыпка келтирүү иштери бүгүн толук аткарыларын мэриянын өкүлдөрү баса белгилешет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: