Чүй. Токмокто жамгырдын кесепетинен балдар үйүнүн имаратынын ичине суу кирген






Чүй облусунун балдар интернаттары кечээ, 8-июнда болгон шамалдан жана жамгырдан жабыркашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Сокулук реабилитациялык балдар борборунун чатыры катуу шамалга туруштук бере албай учуп түштү. Бул интернатта психоневрологиялык оорулар менен жабыркаган 65 бала тарбияланат.
Ал эми Токмок балдар интернатында жамгырдын кесепетинен тарбиялануучулардын бөлмөлөрүнө суу кирген. Аталган балдар үйлөрүн социалдык өнүүгү министри Кудайберген Базарбаев көрүп чыкты. Белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен электр энергиясынын жоктугуна карабай балдарга убагында тамактар берилип, сабактар өз нугу менен өткөрүлүүдө. Ошондой эле интернаттардын кызматкерлери таң эрте айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин аткарышты.

