Курмантай Абдиевдин депутаттык мандаты токтотулду
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиевдин депутаттык мандатын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда БШКнын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жакынкы 30 күн ичинде бул мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге тапшырылат.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына К.Абдиевди жактырган. Ал эми анын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп тизмеде 54-орунда турган Эмилбек Ысманов келүүсү керек. Бирок анын ордуна тизмеде 62-болуп турган Алмасбек Абытовдун келери айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















