super.kg logo
  Саясат  

"Охотник" жана "Патриот" каймана аты менен тергөөчүлөргө сурак берген күбөлөрдү сотко чакыруу сунушталды

 

Бүгүн, 22-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча уланып жаткан сот ишинде жактоочулар окшош көрсөтмө берген милиция кызматкерлерин суроону токтотууну соттон өтүндү. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар мурун тергөө ишинде суралбаган кошумча күбөлөрдү тизмеге кошууну суранды. Жактоочулар кошумча күбөлөрдү суроого каршы болушуп, тергөө иши бүткөндөн кийин мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү издегенге укугу жоктугун, бул иш үчүн алар мыйзам алдында жооп бериши мүмкүн экендигин эскертишти. Ошондой эле "Охотник" жана "Патриот" каймана аты менен тергөө ишинде айыпталуучуларга каршы көрсөтмө берген күбөлөрдү сотко алып келүүнү өтүнүштү. Ал эми депутат Садыр Жапаров: "Эгер алар коркуп жатышкан болсо, маска кийип көрсөтмө берсин, аларга бул жерден эч ким тийбейт”,- деди. Сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов милиция кызматкерлери тууралуу өтүнүчтү канааттандырып, ал эми "Охотник" менен "Патриотту" мамлекеттик айыптоочулар алып келүүгө милдеттүү экенин айтып, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн да орундатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: