"Орусиядагы мекендештер кош жарандыгын жашыруу үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартышууда" деди Сарпашев
Орусиядагы мекендештер кош жарандыгын жашыруу үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Сарпашев алар биометрикалык маалыматтарын тапшырбай турганын ачык эле айтып жатканын билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Орусиядагы биометрикалык маалыматтарды чогултуучу пункттарга адам аз келүүдө. Айрымдары "биометрикалык маалыматтарды тапшырбайбыз" деп ачык айтып жатышат. Элчилик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат",- деди Сарпашев.
Мындан тышкары ал быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялар добуш берүүчүлөрдүн санын көбөйтүү үчүн элди маалыматтарын берүүгө чакырарына ишенерин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

