super.kg logo
  Саясат  

Банктык аманаттарды коргоонун мыйзамдык чараларын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда талкууланды

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 9-июндагы жыйынында "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда талкуулады. 

Мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышын жакшыртууга, депозиттик каражаттарды төлөп берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган. Долбоор жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышына берилүүчү кепилдиктерди бекемдөө максатында иштелип чыккан. Эгер банк ар кандай тобокелчиликтерден же каржылык каатчылыктардан улам кудуретсиз болуп калса, ал жарандардын же юридикалык жактардын депозиттик каражаттарын төлөп берүүгө тийиш. Андан сырткары депозиттерди төлөө мөөнөтү азыр 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда.

Мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: