Жогорку Кеңештин депутаттары 25-мартты "Парламентаризм күнү" деп белгилөөнү сунушташууда
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-мартты "Парламентаризм күнү" деп белгилөөнү сунушташууда. Тиешелүү токтом долбоорун бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева демилгелеп чыкты.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, тарыхчылардын жана эксперттердин катышуусунда бул дата боюнча талкуулар жүргүзүлгөн. Мындан тышкары ал керектүү маалыматтар архивден алынганын билдирди.
Депутат Нурбек Касымбеков бул демилгени колдоорун айтып, ошол эле учурда дата боюнча тактоо керектигин баса белгиледи. Башка депутат Мыктыбек Абдылдаев өлкөдө парламентаризмге канча жыл болгонун белгилөө зарыл экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

